Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

“Кудайберген” базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыкты


Аталган базарда соода кылган 50 чакты адам Экономика министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар базардагы соода орундарына ижара акынын кымбатташына нааразы. Акцияга катышып жаткандардын бири Фархад Мухамедкарим уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, бул боюнча бир нече жолу акция өткөн, бирок базар ээси ага көңүл бурбай, нааразыларды куугунттуктап жатат.

Ал эми базардын ээси Элвира Сурабалдиеванын айтымында, соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөн. Андан бери жерге салык беш эсе жогорулады. "Кудайбергенде" иштөөнү каалабагандар башка жактан орун издесе болоорун Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы жеке баракчасында жазган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG