Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Царнаевдин адвокаттары сотту башка жерде өткөрүүнү өтүндү


Бостон марафонунда террордук акт жасаган деп соттолуп жаткан Жохар Царнаевдин адвокаттары сотту Вашингтондо жүргүзүүнү суранышты. Алардын айтымында, "Бостон тургундарынын көпчүлүгү марафонго катышкан, Ошондуктан алардын арасынан “кара кылды как жарган” калыс жюри табуу кыйын".

Адвокаттар Бостон жана Нью-Йоркто сот арачыларын иликтеп көрүп, Вашингтондо соттун объективдүү болушуна көбүрөөк өбөлгө бар экенин белгилешкен.

Жохар Царнаев 2013-жылы Бостон марафонунда теракт уюштурган деп шектелген эки бир туугандын тирүү калганы. Ал өзүн айыптуу эмесмин деп жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG