Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Парламент төрагасы Келдибековдун тарапкерлерин кабыл алат


Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Келдибековдун бошотулушун талап кылып Алайдан келгендерди кабыл алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн спикердин маалымат катчысы Нурканбек Керимбаев билдирди:

- Ош – Эркеч-Там жолун буугандардын өкүлдөрү төрага Асылбек Жээнбеков кабыл алуусун депутат Исмаил Исаков аркылуу өтүнүшкөн. Төрага алардын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алмай болду.

Бирок маалымат катчы жолугушуу качанкыга белгиленгенин так айткан жок. Ал эми Келдибековду коргоо комитетинин башчысы Керим Сарыбашевдин "Азаттыкка" айтымында, төрага жана төрт фракциянын лидерлери менен жолугушуу бүгүнкүгө, саат 14:00гө белгиленген.

Оппозициядагы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган тарапкерлери 27-майдан бери Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турат. Жолду ачууну 1-июнда алардан өкмөт өкүлдөрү талап кылып келген, бирок натыйжа чыккан эмес.

Нааразылык акциясынын алты өкүлү 18-июнда Бишкекке келген. Аларды өкмөт башчы кабыл аларын Алайга барганда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айткан. Бирок Оторбаев алар менен азырынча жолуга элек.

Келдибеков мамлекетке ири суммада зыян келтирген деген айып менен былтыр кармалып, азыр тергөө жүрүп жатат. Ал өзүнө коюлган айыпты саясый буюртма деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG