Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Бабырбек Жээнбеков өкмөт башчыны сотко берди


Өкмөт алдындагы антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин мурдагы башчысы Бабырбек Жээнбеков өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди сотко берди. Бул тууралуу Жээнбековдун бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Ал кызматтан алынышын мыйзамсыз деп атап, бул боюнча Бишкектин район аралык сотуна кайрылганын маалымдады.

Бабырбек Жээнбековдун жүйөсүндө, аны уулу "депутат Равшан Жээнбеков оппозициячыл саясатчы болгону жана электр энергиясына бааны көтөрүүгө каршы чыкканы үчүн" кызматтан алышты.

Жээнбеков 5-июнда жумуштан алынган. Ага чейин ал жетектеген агенттиктин кызматкерине байланыштуу пара чыры чыккан эле. 23-майда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы агенттиктин Нургалы Кудаяров аттуу кызматкерин “Кудайберген” базарынын ээсинен 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаганын маалымдаган. Кудаяров бул акчаны Бабырбек Жээнбеков баштаган агенттик жетекчилерине алып барып берерин айткан. Жээнбеков бул айыптоону четке каккан. (BkA)

XS
SM
MD
LG