Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Кыргызстанда 475 качкын жашайт


Бул тууралуу бүгүн БУУнун качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Йоханн Сиффоант билдирди. Анын айтымында, мындан сырткары Кыргызстанда жашап жаткан, бирок качкын статусун ала элек дагы 286 чет өлкөлүк бар.

Кыргызстанда баш калкалап жүргөн жалпы 761 адамдын 500дөн ашыгы Ооганстандан качып келгендер. Андан кийин Өзбекстан, Сирия жана Ирандан качып келген жарандар көп. Ошондой эле Пакистан, Орусия, Сомали, Тажикстан жана Кытайдан келген бирден адам бар. (KJ/BkA)

XS
SM
MD
LG