Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Украина чыгышында оор кагылышуу жүрүп жатканы кабарланууда


Маалыматка караганда, оор кагылышуулар Донецк облусундагы Красный Лиман жана Ямпол айылдарынын айланасында жүрүүдө. Рейтердин маалымдоосу боюнча украин аскерлери 20 танк, артиллерия колдонсо, аларга жикчилдердин 4 миңдей жоокери каршы турууда.

Кагылышуу президент Петро Порошенко сунуш кылган тынчтык планды жикчилдер 19-июнда кабыл алуудан баш тарткандан кийин күчөп кетти. Сунушталган планга ылайык өкмөттүк күчтөр ок атууну бир тараптуу токтотуп, жикчилдер куралын таштаса мунапыс берилет.

Бул арада президенттер Владимир Путин жана Петро Порошенко чатакты жөнгөрүүнү телефон аркылуу бейшемби күнү сүйлөшкөнү кабарланды. (AiT)

XS
SM
MD
LG