Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Обама Ирак боюнча көрүлгөн чаралар жардам берерин билдирди


19-июнда маалымат жыйынында президент Барак Обаманын айтымына караганда, Ирактагы кырдаалга байланыштуу бир катар чаралар кабыл алынды. Багдаддагы АКШнын элчилигин кайтаруу күчөтүлдү. Иракка 300дөн көп эмес аскерий кеңешчи жиберилерин президент белгиледи :

- Биз кошумча америкалык аскерий кеңешчилерди жиберүүгө даярбыз. 300дөй аскерибиз Ирак коопсуздук күчтөрүнө кеңеш берүүгө, машыктырууга жана колдоого даяр. Ал эми АКШнын куралдуу күчтөрү Иракка кайра барбайт.

Барак Обама кырдаал талап кылса “так жана максаттуу аскердик чаралар көрүлөрүн” белгилеп, Ирактын лидерлерин келишпөөчүлүктү жоюп, өлкөнүн келечеги үчүн биригүүгө үндөдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG