Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Атамбаев: Кылмышка шектүүлөр маселесин сот гана чечет


Кылмышка шектелип кармалгандар соттолобу же акталабы, аны сот чечет. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Аксыда эл менен жолукканда айтты. Мамлекет башчы Алайда жолдун буулушунан экономика жабыр тартып жатканын билдирди. Атамбаев Аксыга Иринжит каналынын ачылышына барган.

27-майдан бери Оштун Алай районунда Ош – Эркеч-Там унаа жолун Келдибековдун тарапкерлери бууп турат. Оппозиционер депутат Акматбек Келдибеков мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган деген айып менен былтыр күзүндө камалган. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Алайдагы тарапкерлери анын ден соолугу начарлап баратканын айтып, үй камагына чыгарууну талап кылып жолду бууп турат. Кечээ алардын өкүлдөрү менен парламент жана өкмөт башчылары да жолугуп, соттун ишине кийлигише албай турганын билдирген. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG