Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Мектепте экологияны окутуу демилгеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте жалпы билим берүү мекемелеринин программасына экология негиздерин киргизүүнүн жолдору талкууланат. Анда быйыл экинчи жолу “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду өткөргөн Билим берүү фестивалынын алкагында айтылган сунуш-пикирлер ортого салынат.

Иш-чарага экологиялык жана билим берүү уюмдарынын эксперттери катышып, бул багытта жүргүзгөн сурамжылоо, иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын айтып берет. Талкууга биология мугалимдери, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да катышат.

Кыргызстан суусу, абасы таза өлкөлөрдүн катарына киргени менен соңку жылдары айрыкча шаарларда унаа көбөйгөндүктөн аба булганып жатканын эколог адистер айтат. Полиэтилен баштыктарын, пластик идиштерди өрттөөдөн да экология бузулууда. Буга адамдардын экология эрежелери тууралуу билими, кабары жок болуп жатканы себеп экенин да адистер белгилеп келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG