Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

КМШнын спорт жетекчилери көлдө жыйын өткөрдү


Ысык-Көл районунда КМШ өлкөлөрүнүн дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташуусу алкагында кезектеги кеңешме жыйынтыкталды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Жыйынга Кыргызстандан тышкары Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия катышты. Орусиянын спорт министринин орун басары Павел Колобков бул уюмга төрага болуп шайланды. Кийинки отурумду 2015-жылы Москва же Сочи шаарында өткөрүү пландалды.

КМШнын Аткаруу комитетинин кеңешчиси Наталья Тимчуктун айтымында, 2013-жылы улуттук жана мамлекет аралык деӊгээлде 74 масштабдуу иш-чара өткөрүлүп, долбоорлор ишке ашырылды. (КМа)

XS
SM
MD
LG