Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Аксыдагы митингдин талаптарын комиссия териштирет


Аксыда бүгүн 100гө жакын адам акимчиликтин алдында митинг өткөрдү. Кабарчыбыздын айтымында, алар акимди кызматтан алууну талап кылды. Митингчилердин талабын атайын комиссия териштирмей болгонун чогулгандар менен жолуккан өкмөттүн облустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков билдирди. Акцияга чыккандар ошондой эле бүгүн Аксыга барган президент Алмазбек Атамбаев менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей койгонуна нааразы болду. Атамбаев Аксыда Иринжит каналынын ачылышына катышкан.

Акция уюштуруу комитетинин башчысы Батырбек Кыдыевдин билдиришинче, нааразылыкка аким Айдаралиевдин "элди уруу-урууга бөлүүсү жана иши боюнча отчет бербей келатканы себеп болууда".

Ал эми аким эч кимди бөлбөгөнүн, эл ынтымактуу экенин, нааразылык акциясын уюштурууга мурда тармактык министрликтердин буйругу менен кызматтан алынган райондук деңгээлдеги үч жетекчи гана кызыкдар болуп жатканын билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG