Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Украина президенти тынчтык планын жарыялайт


Украинанын Донецк облусунда өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат. Куралдуу күчтөрдөгү булак "Ройтерс" агенттигине билдиргенине караганда, Красный Лиман жана Ямпол кыштактарынын жанындагы урушка 4 миңдей жикчиге каршы 20 танк, артиллерия жана башка оор техника тартылды.

Ал эми козголоңчулардын лидерлеринин бири Игор Стрелков алар “олуттуу жоготууларга” учурап жатканын айтты.

Бийлик Ямпол айылындагы урушта 7 жоокер окко учканын, 300дөй жикчи набыт кеткенин билдирүүдө. Бул маалыматты тастыктоо мүмкүн эмес.

Ал тапта президент Петро Порошенко 14 пункттан турган тынчтык планын жарыялаганы жатат. Документтин маалымат каражаттарында пайда болгон расмий эмес көчүрмөсүндө айтылганына караганда, Орусия менен чек ара аймагында 10 километрлик буфердик тилке түзүү каралган. Ошондой эле өкмөттүк армия бир тараптуу түрдө ок чыгарууну токтотору жана жикчилер куралсызданса, аларга мунапыс берилери айтылган.

Порошенко Орусиянын президенти Владимир Путин тынчтык планын жана ок атышууну токтотуу келишимин колдойт деп ишенерин билдирди.
Кечээ президент 27-июнда Европа биримдиги менен ассоциациялык келишимге кол коёрун айткан.

XS
SM
MD
LG