Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Армения Азербайжан менен чек арада эки жоокери окко учканын билдирди


Армениянын коргоо министрлиги азербайжандык аскерлер менен ок атышууда эки жоокери набыт болгонун билдирди. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бир жоокер 19-июнда Тоолуу Карабак жикчил чөлкөмүнүн жанындагы чек арада, экинчиси кошуна өлкөнүн Нахчиван автономиялуу жумурияты менен чек ара аймагында окко учту.

Ал тапта Азербайжандын маалымат каражаттары Тоолуу Карабактын жанындагы Товуз районунда армениялык аскерлердин огунан азербайжандык бир аял жана кызы жарадар болушту.

Баку менен Ереван Тоолу Карабактын айынан 20 жылдан ашуун убакыттан бери жаңжалдашып келатат. 1990-жылдардын башында аймак Армения колдогон жикчилер менен согуштун жыйнытыгында Азербайжандан бөлүнүп кеткен. Анын эгемендигин бир да өлкө тааныган эмес.
Жыл башынан бери чек арадагы ок атышууларда эки тартаптан кеминде 16 жоокер набыт болду.

XS
SM
MD
LG