Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы бүгүн, 21-июнда Семенов айылындагы Кырчын жайлоосунда «2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын» алкагында Ысык-Көл районунун элин ынтымакка, биримдикке, достукка чакыруу максатында «Ынтымак» курултайыy өткөрүүдө.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.
Иш-чарага Ысык-Көл районунан чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышууда. (МК)