Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Кара-Кулжада аюу малга кол салууда


Кара-Кулжа районунун Кара-Таш айылынын жайлоолорунда аюулар малга кол салууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы Токторали Кадырбеков билдирди.

- Бир жумадан бери жайлоодо жүргөн тогуз буканы жеп кетти. Дагы төртөө дайынсыз. Биз экология кызматына кайрылсак, барып таппай келишиптир. Бирок айылдыктар жабыла мал издеп чыгып 3 күрөң аюуну көрүшкөн экен. Ар бир буканын баасы 50 миң сомго чамалайт. Учурда эл алардын ордун толтуруп берүүнү өтүнүүдө, - деди Кадырбеков.

Анын айтымында, аюулар жайлоого коңшулаш “Кулун-Ата” коругунан өтүп келиши ыктымал.

“Кызыл китепке киргендиктен аюуну атууга болбойт. Аларды жайлоолордон эртерээк кууп жибербесе, айыл эли дагы канча малды жедирип иебиз деп чочулап турушат” , - деп кошумчалады айыл өкмөт башчысы.

Капчыгай айыл округу тоолуу аймакта жайгашкандыктан эли негизинен малчылык менен алектенет. Букаларды жайкысын жайлоого кое берип, күздө сатып, кышкы тиричилигинин камын көрүшөт. (МТо)

XS
SM
MD
LG