Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:51

Молдова алгачкы спутнигин күзгө чейин учурат


Молдованын спутнигин кайсыл ракета орбитага алып чыгары али белгисиз.
Молдованын спутнигин кайсыл ракета орбитага алып чыгары али белгисиз.
Молдова өзүнүн алгачкы спутнигин орбитага 14-октярбга чейин учураары маалым болду. Азыркы тапта Кишинёвдогу Технология университети сателлиттин үстүнөн кызуу иштөөдө. Бул тууралуу аталган окуу жай кабарлады.

Молдован жандоочусу Жерден 700 чакырым бийик жайгашып, айыл чарба жана экологиялык байкоолорду салып турмакчы. Аны менен бирге молдован спутниги Днестр жана Прут дарыяларына жана төрт миң көлгө байкоо салып турат.

Орто Азиядагы жабык мамлекет Түркмөнстан дагы быйыл спутник учурууга камынууда. Расмий Ашхабад 2012-жылы европалык "Талес Алениа Спейс" компаниясына биринчи түркмөн сателлитин куруу тапшырмасын берген. Түркмөнстандын алгачкы жандоочусун "Чаңжең–3Б" же "Улуу сапар" ракетасы Кытайдагы Зичаң космодромунан орбитага алып чыгат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстандын эки спутниктниги бар. Ал эми Кыргызстан башка мамлекеттердин сателлиттерин колдонот. (BAz)

XS
SM
MD
LG