Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Гүлнаранын уулу Каримовго таарынды


Өзбек президентинин жээн небереси Ислам Каримов Рен-ТВ телеканалына интервью берди.
Өзбек президентинин жээн небереси Ислам Каримов Рен-ТВ телеканалына интервью берди.

Азербайжанда Гүлендин лицейлери жабылды, Ислам Каримовдун жээни алгачкы ирет телеге интервью берди, дүйнөдө «Качкындар» аттуу дагы бир улут пайда болду, Азиядагы чек ара чыры кантип басылат?

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өзүнө аты уйкаш, тун кызы Гүлнаранын уулу, 22 жаштагы Ислам Каримов РенТВ каналына атайын интервью берди. «Азиянын ханзаадасынын алгачкы интервьюсу» деп аталган видео теле-каналдын веб-сайтына да жарыяланып, окурмандардын кызуу талкуусунда. Лондондо жашаган Ислам Өзбекстандагы апасы таятасы тарабынан эмнеге куугунтукталып, үй камагына алынып жатканын, саясий кырдаалды жакшы түшүнө албай жатканын айтат. «21 жыл бою туулган күнүмдү таятам менен тосчумун. Анан эле быйыл 22ге толгон күнү ошондой болот го деп барсам бизди такыр киргизбей коюшту. Менимче, таятам менен апамды бирөөлөр өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат. Аларды бири-бирине атайын кайраштырышууда. Ушул телеберүүнү көрүп, таятам өзү тыянак чыгарып, абалды оңдоп кетеби деп үмүттөнүп жатам. Эки жыл мурда бизди ууландырып да көрүшкөн. Апам дагы деле дарыланууда, мен болсо жаш болгондуктан тез эле сакайып кеттим. Акыркы маалыматтар боюнча, апам дарылануусун дары-дармектин жокутугунан уланта албай жатыптыр. Таятам деле муну билген. Мени көптөр эрке дешет. Бирок андай эмесмин. Менин машинелерим деле жок. Апам бизди аябай катуу тарбиялаган», - дейт Каримовдун небереси. Азыр ал Британиядагы Оксфорд университетинде билим алып, окуусуна да жансакчылары менен барарын кошумчалады.


Азербайжанда Гүлендин окуу жайлары жабылды

Түркия өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдогандан буйрук алгандан кийин Азербайжандагы бардык түрк лицейлер жабылды деп кабарлайт Euroasia.Net онлайн басылмасы. АКШда жашаган атактуу түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин жолун жолдогондор тарабынан ачылган 11 лицей, университет сынактарына даярдоочу 13 борбор жана бир университет Азербайжан бийлигинин буйругу менен бир күндүн ичинде өз ишин токтотту. Эксперттер мунун Түркиядагы саясий кырдаалдын курчушу, же Эрдоган менен анын мурдагы руханий устаты Фетхуллах Гүлендин ортосундагы тирешүү менен байланыштырып жатат. Нааразы болгон ата-энелерге мектептердин жетекчилиги жабылуу себебин каржылык тартыштык деп түшүндүрдү.

Жаңы улут - Качкындар

Corriera della Sera гезити дүйнөдө “Качкындар” аттуу дагы бир улут пайда болгонун жазып чыкты. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери дүйнөдө акыркы мезгилдегидей көп качкын каттала элек болучу. Азыр алардын саны 51,2 миллион кишиден ашып, Колумбия же Түштүк Африка Республикасынын калкына барабар болду. Согуш, адам укуктарынын корголбоосунун айынан аялдар, балдар, кары-картаңдар өз мекен-жайын таштап кетүүгө аргасыз болууда. Качкындардын артуусуна Сирияда үч жылдан бери уланган согуш, саясий олку-солкулар себеп болууда. Ооганстандагы согуш да 2,65 миллион адамды качкынга айлантып, ага коңшу Пакистанды качкындарды кабыл алган өлкө кылды деп жазат Corriera della Sera.

Азиянын чек ара чыры чечилбейт

Эл аралык соттор Азия чөлкөмүндө акыркы мезгилде өтө курч абалдагы чек ара маселесин чече албайт, тескерисинче чыр-чатакты ырбатып жибериши ыктымал деп жазды The Diplomat журналына Диндинг Чен. “Эл аралык соттор Орусиянын айланасындагы өлкөлөргө карата үстөмдүгү, же Ирактагы согуштук кырдаалды чечүүгө күчү жете турган күчтүү арбитраж болгону менен Азия өлкөлөрүндөгү чек ара маселесине келгенде алсыз. Анткени Азиядагы майда өлкөлөр эч качан эл аралык укук нормаларына баш ийбейт. Ар бир аймактын жазылбаган жеке мыйзамы бар. Андыктан, Азия мамлекеттериндеги чек ара чырын эч качан эл аралык деңгээлде кароо туура эмес. Аймактын өз шарты, андагы тургундардын талабына жараша гана жергиликтүү бийлик киришип чечпесе, бул өтө курч маселе”,- деп жазды журналист Чен. Ушул эле басылмада Кыргызстанда 2010-жылы болгон Ош окуялары тууралуу да ири макала жарык көрдү. Окуялардын келип-чыгыш себеби жана тарыхына кайрылуу менен автор Майкл Кастер Фергана өрөөнүндө байыртадан эле өзбек соодагер жана дыйкандары жана кыргыз көчмөндөрү жашап келген. Бирок Советтер Союзу орногондо аймактагы кыргыздардын абалы өзгөрүп, өрөөндө өзбек административдик башкаруусу башталган. Кайра куруу учурунда мындай ажырым аябай курчуп, этникалык чатак да чыккан. Чатактын башкы себебин эл аралык эксперттер абдан жакыр кыргыздарга бардар өзбектердин үстөмдүк кылуусу деп айтышууда. Кийин бул чатак Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бийликтен кеткенде да ушундай эле себеп менен болду дейт Майкл Кастер.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG