Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Алайда Келдибековдун тарапкерлеринин акциясы уланууда


Алай районунда Келдибековдун тарапкерлеринин нааразылык акциясы уланууда. Депутатты коргоо комитетинин башчысы Керим Сарыбашевдин "Азаттыкка" айтымында, жол боюнда 19 боз үй тигилип турат. Акцияга 110 адам катышууда.

Коррупцияга шектелип былтыр күзүндө тергөө абагына камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын бошотулушун талап кылып 27-майда Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош – Эркеч-Там унаа жолун бууп туруп, 22-июнда ачкан. Бирок акция улана берерин билдирип, боз үйлөрдү ошол эле жерде, жол боюндагы сайга тиккен. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG