Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Жол эреже бузгандарга жазаны катуулатуу сунушталды


Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды жазалоо чараларын катуулатуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Айыппул мурда 100 сомдон 2000 сомго чейин болсо, эми 500 сомдон 20 миң сомго чейин жогорулаганы жатат. Айрыкча мас болуп машина айдагандар катуу жазаланат. Мас айдоочу жол кайгуул кызматкерлеринин колуна түшсө мурда 1,5 миң сомго жыгылса, эми 10 миң сом төлөш керек болот. Ал эми жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом төлөп, 4 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG