Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Абдрахманов: Судьялар бир айда 20 иштин ордуна 70 иш кароого мажбур


Эгер парламент 1-июлга чейин Сот тандоо кеңешинин курамы боюнча маселени чечип берсе Кыргызстандын сот системасы ноябрь-декабрь айларынан тарта толук кандуу иштей баштайт. Ал эми эгер депутаттар маселени чечпей туруп каникулга кетип калса, анда азыркыдай оор абал кийинки жылы да уланып, ого бетер оорлошу ыктымал. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Судьялар кеңешинин төрагасы Жакып Абдрахманов билдирди.

- Норма боюнча бир судья бир айда 20-22 иш карашы керек. Азыр айрым судьялар 60-70 иш караган учурлар болууда. Бул, албетте, иштин сапатына терс таасирин тийгизип жатат.

Абдрахмановдун айтымында, айрыкча Бишкек шаардык сотунда абал оор.

Кечээ Жогорку Сот депутаттарга кайрылуу жолдоп, сот тандоо ишин улантууга шарт түзүүнү суранган. Анда айтылгандай, 2013-жылдан бери Сот тандоо кеңешинин судьялар корпусун түзүү иши токтоп турат.

Жогорку Сотто жана жергиликтүү соттордо 436 штаттык бирдиктин 99унда кызмат орду бош. Сот тандоо кеңешине талапкерлерди кароо процесси парламенттин айрым фракцияларына келип токтогон бойдон калууда. Мындан улам Жогорку Сот парламент депутаттарынан бул маселени 1-июлга чейин чечип берүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG