Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Сот Иса Өмүркулов боюнча чечимин 7-июлда угузмай болду


Бишкектин Октябрь райондук соту экс-мэр Иса Өмүркуловго жана мэриянын 4 кызматкерине козголгон кылмыш иш боюнча сот отурумун 7-июлга калтырды. Буга соттолуучулардын бири Молдокмат Тезекбаевдин ооруп калганы себеп болгон.

Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрында Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иш козгогон. Өмүркулов 2011-жылы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан 16 гектар жерди жеке жана юридикалык жактарга 49 жылга ижарага мыйзамсыз берип салган деп айыпталып жатат.

Кылмыш иш козголгон соң Иса Өмүркулов өз арызы менен кызматтан кеткен. Бирок ал айыптоо негизсиз экенин айтып келет.

Мамлекеттик айыптоочулар Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Бүгүнкү отурумда чечим чыкмак. (UEz)

XS
SM
MD
LG