Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Баткендик окуучулар Тажикстанда эс алууда


Баткен аймагынан 25 бала Тажикстандын Согди облусунун жетекчилигинин чакыруусу менен “Кайра кум” балдардын эс алуу лагеринде 12 күн эс алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ошол эле учурда Тажикстандан да балдар Кыргызстанда эс алууга мүмкүнчүлүк алат.

Балдар үчүн акысыз уюштурулуп жаткан мындай акция чек аралаш аймактагы калктын ынтымагын чыңдоо, акыркы учурда пайда болгон чыңалууну жеңилдетүү максатында кошуна эки облус жетекчилигинин демилгеси менен ишке ашууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG