Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү деп шектелгендер кармалды. Сузак жана Базар-Коргон райондорунда өткөрүлгөн атайын иш-чара маалында беш тургун кармалганын облустук милициядан кабарлашты.
Соттун чечими боюнча тинтүү маалында алардын үйлөрүнөн жашыруун уюмга тиешелүү 42 китеп, 112 диск жана баракчалар табылган. Ал эми мурда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү деп соттолуп чыккан Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын тургуну Р.Т. Турсункуловдун үйүнөн диний китептер менен кошо 12 калибрлүү Иж-58 мылтыгы он огу менен табылды. (YA)