Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстанда радикал исламисттердин чакырыктары көбөйүүдө


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиевдин бүгүнкү жолугушуусунда айтылды.

Анда өлкөдөгү диний кырдаал, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу маселелери талкууланганын “Азаттыкка” Молдалиев билдирди. Анын айтымында, азыр радикал исламисттердин чакырыктары көбөйүүдө:

- Жакын арадан бери радикал исламисттер ар кандай маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстанды ислам мамлекети катары көрүүгө багытталган чакырыктарды таратып жатат. Бул, албетте, жаштарга терс таасирин берет. Аларга бардык маселени исламдык башкаруу же болбосо халифат орногондо гана чечсе болот деген ой таңууланып жатат.

Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы мындан тышкары президентке ажылык сапарга барууда коррупцияга жол бербөө максатында квота бөлүштүрүүдө чүчү кулак кармоо ыкмасы иштеп жатканын айтты. (UEz)

XS
SM
MD
LG