Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Бирдиктүү салык декларациясы июндун соңуна чейин кабыл алынат

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу 30-июнь күнү түнкү саат 12де токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлайт. 1-июлда жеке жактардын 2013-жылга карата Бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтү аяктайт. Юридикалык жактар жазында тапшырган.

Мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбалар өздөрүнүн менчигинде болгон кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү, тапкан кирешеси тууралуу декларацияны жер-жерлердеги салык инспекциясына тапшырышы керек. Өз убагында маалымат бербегендер 2000 сомдук административдик жазага тартылат. 

2016-жылдан тарта ишкерлер жана кызматкерлер гана эмес, Кыргызстандын ар бир жараны аталган декларацияны тапшырат. (SE)

XS
SM
MD
LG