Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Шайлоочулар тизмесинен каза болгондорду чыгаруу иши жүрүп жатат


Борбордук шайлоо комиссиясы «Интербилим» борбору менен бирге шайлоочулардын тизмесин тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Интербилимден" кабарлашты. Уюмдун активисттери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге каза болгон адамдарды тизмеден чыгаруу үчүн алар тууралуу маалыматты тактоодо. 16-июндан бери мындай иш Ош шаарында жана Кара-Суу районунда жүрүп жатат. Андан кийин Бишкекте жана Сокулук районунда өткөрүлөт.

"Интербилимдин" маалыматына караганда, аталган аймактарда соңку шайлоо өнөктүктөрү учурунда өлгөн адамдардын атынан добуш берүү сыяктуу мыйзам бузуу көбүрөөк катталган.

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик, ал эми 2017-жылы президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG