Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Жаш активисттер Аскаровдун көргөзмөсүнө каршы чыкты


Бүгүн Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйүнүн алдында жаш активисттер нааразылык акциясын өткөрүп, Азимжан Аскаровдун сүрөттөрү коюлган көргөзмөнү жабууну талап кылышты. "Эркин эл" уюмунун жетекчиси Мавлян Аскарбековдун "Азаттыкка" айтымында, "июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилип жаткан кезде мындай көргөзмөнү өткөрүү эки улуттун ортосуна чок таштоо менен барабар".

Ал эми көргөзмөнүн уюштуруучусу “Фридом хаустун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Дүкенбаев бул иш-чараны өткөрүүдө мыйзам бузулбаганын айтты.

Эки күндүк көргөзмө кечээ ачылган, бүгүн саат 17:00дө жабылат. Ал 26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңында башаламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бирок анын жактоочулары сот чечими адилетсиз болгонун, тергөө көп жагдайларды эске албаганын айтып келет. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG