Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Судьяга кылмыш иш козгоо укугун Баш прокурорго гана берүү сунушталууда


Кыргызстанда судьяларга карата кылмыш иш козгоо укугун Баш прокурорго гана берүү сунушталууда. Судьялардын статусу жөнүндөгү мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун бүгүн үч окууда Жогорку Кеңеш кабыл алды. Эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Азыркы учурда мындай укукка облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлору да ээ.

Баш прокуратурадан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 2012-жылдан бери 10 судьяга карата кылмыш иш козголгон. Алардын алтоо мыйзамга каршы чечим чыгарганы, төртөө пара алганы үчүн деген айып боюнча. 2012-жылы 2 иш, былтыр 4, ал эми быйылкы жылдын башынан бери 4 кылмыш иш козголгон.

Былтыр май айында Токтогул райондук сотунун судьясы пара алганы үчүн 6 жылга кесилген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG