Бүгүн Бишкекте өкмөт өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, журналисттер жана ишкерлик чөйрөсүндөгүлөр футбол боюнча “Ынтымак” кубогу үчүн турнирге катышат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан «AKAEV IDEA company» уюмунан кабарлашты. Таймаш «Де-факто» гезитинин редакциясы менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Максаты - сергек жашоону пропагандалоо. "Ынтымак" кубогу үчүн турнир саат 18:00дө Медеров жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишиндеги спорттук аянтчада өтөт.
Беттешке жалпысынан 8 топ катышканы жатат. (SE)