Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Атамбаев: Кыргызстанды өзгөртүү мезгили келди


Бул тууралуу бүгүн президент быйылкы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп балл алгандарды сыйлоо аземинде билдирди. Анын айтымында, "Кыргызстанды өзгөртүп, коррупциянын сазынан чыгаруу үчүн жаңы муунду даярдоо керек":

- Кыргызстанда газ менен нефть жок. Бизге окшогон өлкөлөрдүн дүркүрөп өсүшү үчүн бир гана жол бар. Билимдүү, маданияттуу, эркин, күжүрмөн эл. Буга мисал катары Жапония жана Түштүк Кореяны айтсак болот. Биздин өлкөнү өзгөртчү мезгил келди. Мамлекеттик кызматта туруп миллиондорду уурдаган ууру жана коррупционерлерден өлкөнү тазалоочу мезгил келди. Ал үчүн жаңы муунду тарбиялашыбыз керек, - деди мамлекет башчы.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев орто мектепти бүтүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп балл алган 53 улан-кызга “Алтын сертификат” тапшырды. Мындай сертификат аларга Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтүү укугун берет. (BkA/AiA)

XS
SM
MD
LG