Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Жалал-Абаддын 20дай тургуну Москвага уча албай калды


Бүгүн таңкы саат 6да учуучу Ош-Москва авиарейсине Жалал-Абад облусунан барган 20дай адам уча албай кайра үйлөрүнө келишти. Бул тууралуу Сузак районунун тургуну Элмира Махмудова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаарынын борборундагы авиакассалардын биринен он күн мурда 16 миң сомго сатып алган билеттер Ош шаарындагы аэропортко барганда жасалма болуп чыккан.

“Ошол себептүү билеттерибиз системага кирбей калып учууга мүмкүнчүлүк жаралган жок” – дейт, Махмудова.

Азыр аэропорттон кайтып келгендер авиакасса ээсин издеп таба албай жатышат.

Ош-Москва багытындагы таңкы рейсти Орусиянын "Сибирь" (S7 airlines) авиакомпаниясынын учактары тейлеген. (RsK)

XS
SM
MD
LG