Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Нарында шырдак, кымыз фестивалы өтүүдө


Ат-Башы районунда 4-эл аралык шырдак фестивалы өтүүдө. Былтыркыдан айырмаланып быйыл кымыз фестивалы жана Кан Кошой күрөшү боюнча мелдеш да кошулган. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Аскар Салымбеков билдирди.

“Фестивалды Жибек Жолундагы бүткүл дүйнөлүк туристтик маршрутка киргизели деп жатабыз. Июль айында Соң-Көлдө малчылар фестивалы да өткөрүлөт. Башкы максатыбыз - Кыргызстанга туристтерди тартуу”, - деди Салымбеков.

Фестивалга Жапония, Корея, Монголия, Германия, Орусия, Казакстан, АКШ жана Кыргызстандын булуң-бурчунан туристтер келишкен.

Иш-чаранын алкагында мыкты шырдак, мыкты боз үй, мыкты кол өнөрчүлүк буюмдары ж.б. бир катар номинациялар белгиленип, аларга акчалай байге коюлган. Байге фонду 800 миң сом.

Фестивал эртең жыйынтыкталат. (МТо/Tsh)

XS
SM
MD
LG