Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:59

Сан-Франциско көпүрөсүнө суицидге каршы тосмо курулат


АКШдагы Сан-Францисконун бийлиги шаардагы Сан-Франциско булуңа салынган атактуу “Алтын дарбаза” көпүрөсүнө атайын тосмо курууну чечти. Бул өзүн-өзү өлтүрмөкчү болгондорго каршы иштелип чыккан долбоор. Баасы 76 миллион доллар.

1937-жылы курулган "Алтын дарбаза" дүйнөдөгү эң кооз курулуштардын бири жана Сан-Францисконун символу болуп эсептелет. Бирок, ал көпүрө курулгандан бери андан боюн таштап каза болгондордун саны бир жарым миңден ашкан. Reuters маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, өткөн жылы эле 48 адам жанын кыйган.

Көпүрөгө өлүмгө өзү жөнөгөндөргө каршы тосмо коюу тууралуу талкуулар ондогон жылдар бою жүргүзүлүп келген. Бирок каражаттын айынан жана тосмо көпүрөнүн көркүн бузат деген чочулоодон улам ишке ашкан эмес эле.

Жергиликтүү аткаминерлердин билдиришинче, көпүрөнүн эки тарабы башынан аягына чейин туурасы алты метр келген тор менен каланат.

Көпүрө узундугу 1,3 чакырым.

XS
SM
MD
LG