Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Ажылык сапар 8-сентябрда башталат


Быйыл ажыга жөнөгөндөр 8-23-сентябрда учушат. Кыргызстандан 3685 зыяратчы ажыга барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди.

“Эки жылдан бери Сауд Аравиянын Мекке шаарындагы Ал-Харам мечити кеңейтилип жатканына байланыштуу жергиликтүү бийлик бүткүл дүйнөдөн ажыга келчүлөрдү 20% кыскарткан. Ошого байланыштуу азыраак жөнөтүп жатабыз. Мурунку жылдары 4500 жаранды жөнөтүп келгенбиз”, - деди Эратов.

Ажылыкка арыз берүү 12-июнда токтогон. Ушу тапта квотасынан ашыкча тапшырылып калган аймактарда чүчүкулак ыкмасы менен ажылыкка барчулар аныкталууда.

Быйылкы ажылык баасы 2400 доллар. (МТо)

XS
SM
MD
LG