Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышта 5 киши каза тапты


Украинанын чыгышындагы кагылышта беш украин аскери каза таап, дагы 17си жараат алды. Бул тууралуу аймактагы антитеррордук операциясынын басма сөз катчысы Алексей Дмитрашковский кабарлады. Анын айтымында, жикчилдер Словянсктын жанындагы тосмолорго минометтон аткылашкан. Анда үч украин аскери каза болуп, төртөө жараат алган. Луганск облусунун Нижняя Ольховка аймагындагы кошуундун кол салуусунан дагы эки аскер кызматкери өлтүрүлүп, сегизи жараат алган. Дагы беш аскер БМПнын аткылоосунан мээлери чайкалган.


Мурдарак украин президенти Петро Порошенко бир тараптуу элдешүү режимин 30-июнга чейин узарткан. Бирок Украина күчтөрү менен өзүн “Донецк жана Луганск элдик республикасы” деп жарыялагандардын өкүлдөрү ортосунда кагылушуу уланууда.

Украинанын чыгышында эл арасында эки тарап болуп тирешүү Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG