Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Индияда имараттын урандысында ондогон кишилер кала берүүдө


Индиянын түштүгүндөгү Ченнаи шаарында 29-июнда нөшөрлөгөн жаандан кийин 11 кабаттуу имарат кулап, андан 10 киши өлдү, 30 киши куткарылды. Имараттын урандыларында дагы ондогон кишилер бар болгону айтылууда. Ага чейин Нью-Дели шаарында төрт кабаттуу имарат кулап, кеминде он киши каза тапкан. Нью-Делиде имараттын кулашына мыйзамсыз курулуш себеп болгон. Индияда мындай окуялар көп болот. Ага курулуш жүрүшүндө коопсуздук сакталбашы жана сапатсыз материалдар колдонулушу себеп экени айтылып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG