Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Өзбекстандык укук коргоочуну Кыргызстанга киргизбей коюшту


Васила Иноятова
Васила Иноятова

Өзбекстандык укук коргоочу, “Эзгулик” коомунун жетекчиси Васила Иноятованы 29-июнь күнү кыргызстандык чек арачылар “Манас” аба майданынан Бишкекке өткөрбөй коюшту. Бул тууралуу "Азаттыкка" өзбекстандык укук коргоочулардын “Жалындуу жүрөктөр клубунан” кабарлашты. Ал кыргызстандык кесиптештери менен жолугуу үчүн Ташкенден келгени айтылууда.

Чек арачылар Иноятованын Кыргызстанга киришине тыюу салынганын айтып, ал кайра кайтуусу же башка мамлекетке учуп кеткенге чейин транзиттик аймакта күтүп туруусу керектигин билдиришкен. Бирок ага эмне үчүн Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганы түшүндүрүлгөн эмес. Өзбек укук коргоочулары мунун себебин 2010-жылдагы Июнь окуялары учурунда Иноятованын Ташкендеги кыргыз элчилигинин жанында нааразылык акциясын өткөргөнүнө байланыштуу болушун боолгоп жатат.

Васила Иноятова Бишкекке кайсы кесиптештери менен жолугууга келатканы азырынча белгисиз. Ал “Манас” аэропортунда 7 сааттай отуруп, Стамбул аркылуу Парижге учуп кетти.

Мамлекеттик чек ара кызматы бул тууралуу комментарий расмий өтүнүч каттын негизинде гана берилерин билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG