Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Депутат Исаков: Бүгүнкү кезексиз сессия мыйзамсыз


Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков парламенттин бүгүн өтүп жаткан сессиясы мыйзамсыз экенин айтууда. Ал төрага Асылбек Жээнбековго кайрылып, сессияны өткөрүп жатканы үчүн "кийин жоопко тартылышыңыз мүмкүн" деген оюн билдирди.

Парламент төрагасы бүгүнкү кезексиз сессияны чакырууга мыйзам жол берерин, өткөн жыйында бул чечим үчүн депутаттар өзүлөрү макул деп добуш бергенин айтып жыйынды улантты.

Жээнбековдун айтымында, Башмыйзамдын 77-беренесинде «Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт» деп жазылып турат.

Спикерди депутат Мыктыбек Абдылдаев да колдоду. Анын билдиришинче, төраганын кезексиз жыйын чакырганга укугу бар. «Регламентте «Төрага кезексиз сессияны чакырганга укугу бар» деп так жазылып турат. Ушуну маалымат катары айта кетейин» деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңеш бир жылдык ишин жыйынтыктап, жайкы каникулга тарайт. (RK)

XS
SM
MD
LG