Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШ конгрессмендери Тбилисиде болушту


АКШ Конгрессинин делегациясы Грузиянын баш калаасында болуп кайтты. Сенатор Бен Кардин баштаган конгрессмендер жекшембиде президент Георги Маргвелашвили, өкмөт башчысы Иракли Гарибашвили жана башка бийлик өкүлдөрү менен катар, оппозициядагы Бириккен Улуттук Кыймыл партиясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Кардин кабарчыларга Грузияны «АКШ жана Кавказ аймагы үчүн маанилүү мамлекет» деп мүнөздөдү. Ал ошондой эле Грузиянын аймактык биримдигине, өлкөнүн НАТОго жана Европа Биримдигине кошулуу ниетине колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG