Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Чүйдө ӨКМ кызматкерлерине үй берилди


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкерлерге Чүйдүн Москва районундагы Садовое айылынан үй берилди. Көп кабаттуу үйдөгү 18 батирдин ачкычын бүгүн президент Алмазбек Атамбаев министрликте иштегендердин кесиптик майрамына карата тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Батирлердин алтоо бир бөлмөлүү, алтоо эки, алтоо үч бөлмөлүү. Үйдүн курулушу 2009-жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 21 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган. Министрликтин кызматкерлери үчүн Ошто 2002-2003-жылдары 80, 2008-жылы 60 батирлүү үй курулуп, тапшырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG