Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Ноокенде жашырылган жер аянты аныкталды


Райондун Арал айыл аймагында Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондуна караштуу Кең-Сай аймагында дыйкандар иштетип жүргөн 103 гектар деп көрсөтүлгөн жер аянты 400 гектардан ашык экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Арал айылдык кеңешинин төрага орун басары Нурбек Өмүрзаков билдирди.

Жашырылган жерди жыл башында депутаттардан түзүлгөн атайын комиссия аныктады.

Райондук прокуратурадан кабарлашкандай, бул боюнча Арал айыл өкмөт башчысына Кылмыш-жаза кодексинин 304-305-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Депутаттык комиссия жер бөлүштүрүүдө айыл өкмөт башчысы жең ичинен иш бүтүргөн деп чечим чыгарган.

Айыл өкмөт жетекчиси бул доомат негизсиз экенин, териштирүү натыйжасында баары маалым болорун айтып жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG