Сынактын жыйынтыгы менен 6 студент жеңүүчү деп табылды. Эң мыкты эссе жазган төртөө Samsung Galaxy Tab4 планшети менен, экөө Samsung Galaxy Trend смартфону менен сыйланды.
Samsung Galaxy Tab4 планшетин алгандар:
Бекназар Таалайбек уулу, Ош мамлекеттик социалдык университети, аңгеме-блог – “Ач калган күнүм сабак болгон”;
Айдана Асанбаева, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, аңгеме-блог – “Я верю, что у меня тоже будут счастливые студенческие дни”;
Касен Кыштообаев, Бишкек гуманитардык университети, аңгеме-блог – “Саламатсызбы, эжей!”;
Асылгүл Абдырахманова, Кыргыз-Түрк "Манас" университети, аңгеме-блог – “Студенттик күндөр турмушка үйрөттү”.
Samsung Galaxy Trend смартфонун жеңип алгандар:
Азамат Бердияров, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, аңгеме-блог – “Көкүрөк азиз болбосун”;
Мирзат Акунов, И.Раззаков атындагы Техникалык академия, аңгеме-блог – “Кайгырбагын, туура жүргүн өмүрдө!”.
Андан сырткары төмөнкү 10 студент кызыктыруучу белектерге ээ болушту:
Курманжан Шакирова,
Канатбек Абдиев,
Айтбүбү Абдыибраева,
Шербол Жапаралиев,
Гүлпери Турганбаева,
Исмаил Маматов,
Сезим Эрмаматова,
Асыл Исаев,
Жылдыз Болотбек кызы,
Каныкей Асанбекова,
Айгерим Бейшенбекова.
Дагы бир атайын сыйлык менен учурда Египетте окуп жаткан Айбек Данияр уулу да сыйланат.
“Жашооң кандай, студент?” сынагы болочок таланттарды издөө максатында уюштурулган. Жеңүүчү болгон студенттер “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинде практикадан өтүүгө да мүмкүнчүлүк алды.
Сынакка студенттерден жүздөн ашуун эмгек келип түштү. Анын ичинен тандалып алынгандары сайтка жарыяланды.