Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Николя Саркози коррупция боюнча айыптарды четке какты


Франциянын мурунку президенти Саркози сот жараянына басым көрсөттү деген айыпка макул эместигин билдирди. Анын айтымында, бул саясий оппоненттердин анын ысымын жаманатты кылуу максатында жасаган аракети. Ал эч качан соттун ишине кийлигишпегенин, мыйзамдын үстөмдүк кылышына каршы барбаганын айтып, болуп жаткан окуяны “сот адилеттүүлүгүн бурмалоо” катары баалады.

1-июлда 15 сааттык сурактан кийин Николя Саркозиге коррупция жана сот жараянына басым көрсөткөн деген айып коюлду. Саркози 2007-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүн Ливиянын мурунку лидери Муаммар Каддафи каржылоосун тергеп жаткан судьяга чоң кызмат убада кылып, андан жашыруун маалымат алган деп айыпталууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG