Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Атамбаев: Дарыгердин кадыр-баркын көтөрүүгө милдеттүүбүз


Президент Алмазбек Атамбаев дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 6-июлда белгилене турган кесиптик күнгө карата жолдогон куттуктоосунда мамлекет башчы улуттун саламаттыгын сактоо башкы милдет экенин айтып, "дарыгер кесибинин кадыр-баркын көтөрүүгө милдеттүүбүз" деп кошумчалады.

- Биринчи кезекте медициналык тейлөөнүн сапатын арттырууга, аны коомубуздун бардык катмарына жеткиликтүү кылууга, саламаттык сактоонун материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө тийишпиз, - деди Атамбаев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагында 80 миңден ашуун адам иштейт. 700гө жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен катар көптөгөн фелдшердик-акушердик пункттар бар.

Июль айынын алгачкы жекшембисинде Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. (RK)

XS
SM
MD
LG