Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Абактагы ачкачылык талабын ИИМ көзөмөлгө алды


Нарында соттолуучуларга кол салуу фактысы боюнча камалгандардын ишин Ички иштер министрлигинен жөнөтүлгөн атайын комиссия карап жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты.

Кылмышка шектүү катары кармалып, учурда ачкачылык кармап жаткан эки жарандын өкүлү алардын ишти кайра карап чыгуу талабы аткарылбай жатканын "Азаттыкка" айткан болчу.

Ачкачылык кармап жаткандар - Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы экенин айтып, иш кайра башынан тергелишин 20 күндөн бери талап кылып келатат. Абалы начарлап кеткендиктен доктурлар аларды ооруканага которгон.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жараянында жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG