Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Иракта туткунга алынган түрк айдоочулары бошотулду


“Ирак жана Левант ислам мамлекети” уюшулмасы 32 түрк айдоочусун бошотту. Алар өткөн айда Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында кармалышкан эле. Айдоочулардын бошотулганын Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давудоглу 3-июлда Анкарада маалымат жыйынында билдирди:

- 23 күн бою күн сайын жасалган аракет жана сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биздин 32 айдоочунун бошотулганын айтканыма бактылуумун. Биздин шоопурларыбыз конусулубуз менен биргеликте Эрбилдеги башкы консулдугубузга келатат.

“Ирак жана Левант ислам мамлекети” уюшулмасы Түркиянын Мосулдагы консулдугуна чабуул жасаган учурда дагы 49 түрк жаранын кармап кеткен. Алар боюнча азырынча кабар жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG