Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Бишкектин жол кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Бишкек шаарынын Жол кайгуул кызматы учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын "Азаттыкка" анын басма сөз катчысы Тилек Оторов бүгүн билдирди. Оторовдун айтымында, мындай чара шаардын бир катар көчөлөрү оңдоого, суу түтүктөрүн алмаштырууга жабылып жатканына жана жалпы эле унаа көбөйүп, жол кыймылынын күчөшүнө, тыгын көбөйүшүнө байланыштуу киргизилди. Адатта 20-50 кызматкерден турган топ үч смена иштеп келген болсо бүгүнкү күндө 110-120 жол кайгуул кызматкери жолго чыгып иштөөдө.

Оторовдун айтымында, учурда Бишкекте унаанын саны 316 миңге жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG