Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Карыпбеков: “Манас” бир дагы инвестордон баш тартпайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Манас” эл аралык аба майдандын вице-президенти Илим Карыпбеков билдирди. Аталган аэропорттун жетекчилиги ушул аптада кытайлык компаниялар менен өз ара кызматташуу меморандумуна кол койду. Ага ылайык, Бээжиндеги BUCG курулуш компаниясы 1 миллиард доллар инвестиция салуу ниетин билдирди. Каражатка “Манаста” ири соода борбор куруу, “Баткен” менен “Тамчы” аэропортторун оңдоо каралган.

Дагы бир меморандумга ылайык, кытайлык “СМЕС” корпорациясы Ошто жаңы аэропорт салып берүү ниетин билдирди. Бул долбоорго 300 миллион доллар жумшалмакчы. Илим Карыпбеков мындай кызматташуу меморандумдарга кытайлык компаниялардан сырткары Орусия, Түркия менен да кол коюлганын, “Манаска” инвестор тартуу оңой-олтоң эместигин, мындан улам бир дагы инвестордон баш тарпай турганын белгиледи.

Буга чейин кыргыз коомчулугунда “Манастын” 51 пайыз акциясын Орусияга берүү тууралуу меморандум чоң талкуу жараткан болчу. Расмий Москва да 1 миллиард доллар инвестиция убада кылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG