Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

“Артур” бороону АКШнын жээгине жетти

АКШнын чыгыш жээгине жеткен “Артур” бороону экинчи категория деп бааланууда. Кошмо Штаттардын Бороон-чапкындарды көзөмөлдөөчү улуттук борбору маалымдагандай, Түндүк Каролинада бороондун очогунда шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымды түзүүдө.

Жээкке жакын аймактардан 4-июль - АКШнын төбөлсүздүк күнүн майрамдоого келген бардык туристтер эвакуацияланды.

2012-жылы АКШнын түндүк-чыгыш штаттарын каптаган “Сэнди” ураганы 60тан ашуун адамдын өмүрүн алып, 70 миллиард доллар зыян алып келген.

XS
SM
MD
LG