Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Кетмен-Төбө: Бийликке таза суу талабы коюлду


Жала-Абаддын Кетмен-Төбө шаарчасында 3-4 жылдан бери таза суу жок. Бул көйгөйдү бүгүн өкмөттүн облустагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков менен жолугууда жергиликтүү тургундар айтканын "Азаттыкка" облбийликтин маалымат катчысы Жолдошбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, шаарчада жашаган 1300 адам булак суусун ичет.

Жергиликтүү жетекчилер талапты аткарууга аракет көрөрүн, ал эми өкмөттүн өкүлү Жээнбеков облбийликтин эсебинен таза суу чыгарууга 250 миң сом жардам берерин убада кылды. (YA)

XS
SM
MD
LG